ӨКМ эскертет: Балдарды терезеден кулап кетүүсүнөн сактаңыз!
ӨКМ балдарды терезеден кулап кетүүсүнөн сактоо керектигин эскертти.
Урматтуу ата-энелер, балаңыздын терезеден кулап кетүүсүнөн сак болуп, алдын алуудагы жөнөкөй эрежелерди сактаңыз!
? терезеге талапка ылайык келген темир торду орнотуу. Терезе менен тордун ортосунда 10 сантиметр аралык сакталып, баланын башы батпай тургандай болушу шарт жана өрт кырсыгы катталган учурда оңой ачылуусун камсыздаңыз;
? балдар үй ичинен терезени оңой ачып албашы үчүн атайылап бекемдөө;
? балдар үйдө болгон учурда эч качан терезени ачык калтырбоо;
? эмеректерди терезеден алыс жайгаштыруу;
? балдарга чоңдорсуз балконго чыкпоону түшүндүрүү;
? терезенин үй ичинен ачыларын жана темир торду ачса болорун көрсөтпөө жана үйрөтпөө;
? балдарга ар дайым коопсуздук чараларын үйрөтүү жана түшүндүрүү;
? эч качан баланы уктап жаткан маалда жалгыз калтырбоо, анткени ойгонгондо терезеден чыгууга аракет кылышы мүмкүн;
? баланы эч качан терезе текчеге (подоконник) отургузбаңыз, ар дайым колунан кармаңыз.