Abank
SerepTV Logo

Нуржан Тентимишова: "Чыныбай Турсунбеков атындагы поэзия фестивалы максатына жетти"

Нуржан Тентимишова: "Чыныбай Турсунбеков атындагы поэзия фестивалы максатына жетти"
Ысык-Көл жээгинде өтүп жаткан Чыныбай Турсунбеков атындагы поэзия фестивалынын 3-күнү өттү. Анда 70тен ашуун акындын ичинен тандалып алынган 6 финалисттин мыктысы аныкталды. Гран-при 4 баланын апасы акын Сайра Батыркуловага буюрду. Чыныбай Турсунбековдун жубайы быйылкы фестиваль максатына жеткенин айтты. "Байкап көрсөм фестивалыбыздын деңгээли жылдан жылга көтөрүлүп бара жатат. Бул жылы катышууга Кыргызстандын булуң-бурчунан залкар акындарыбыз келишти. Дагы бир өзгөчөлүгү жаш акындар топ түзүп, кечки программаны өзүлөрү өткөрдү. Иш-чарага келгендер мага келип "Сонун өттү" деп жатышты. Мен ойлойм, фестиваль өз максатына жетти. Биз бул жылы 4-жеңүүчүбүздү аныктадык. Кийинки жылы фестивалдын 5 жылдыгын белгилейбиз. Алдыда пландар көп", - деди Нуржан Тентимишова.  https://youtu.be/J0mmln_M9Jo