Нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлөт. Сел жүрүшү мүмкүн
ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 24-25-июнь күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Министрлик эскертет:
- ички чарбалык арыктарды тазалап, жээктерин бекемдеңиз;
- арыктарга таштанды таштабаңыз;
- арыктын нугун бүтөп, көпүрө салбаңыз;
- сел суусу каптап баштаганын көрсөңүз, электр жарыгын, газды өчүрүп дароо үйдөн чыгыңыз;
Кырсык катталганда 112 номерине байланышыңыз.