Нарын дарыясына агып кеткен 8 жаштагы баланын сөөгү дээрлик 2 айдан кийин табылды
Эмгек-Талаа айылындагы Нарын дарыясынан 8 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 21-апрелде Нарын дарыясынын жээгинде жансыз дене жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жансыз дене чыгарылган.
Буга чейин Нарын ОИИБ маалымат таратып, 7-март күнү саат 18:30 чамасында милицияга Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылынын «Кабак» аймагынан 2013-жылы туулган бала Нарын дарыясынын жээгинде муз тээп ойноп жатып сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөнүн билдиришкен. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда баланын апасынан суранып, классташ балдары менен муз тээп келгени суранып кеткени аныкталган. Нарын дарыясынын суу жээгине түшүп басып бара жаткан жеринен бала муздан тайып, сууга агып кеткенин жанындагы классташ балдары көрүп, аны куткарууга аракет кылышкан. Бирок куткарууга мүмкүн болгон эмес. Сууга түшүп кеткен бала Орто-Нура айылынын орто мектебинде 2-класста окуп келген, өзү алты бир тууган, анын ичинен эң кичүүсү болгон.