Abank
SerepTV Logo

Мунарбек Сейитбек уулунун беттеши алдында чогулгандар бата кылышты (видео)

Мунарбек Сейитбек уулунун беттеши алдында чогулгандар бата кылышты (видео)
Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынын финалына чыккан. Анын финалдык беттеши бүгүн, 11-августта болот. Беттешти күтүп, Бишкектеги сейил бакка чогулгандар “Мунарбек Сейитбек уулу алтын медаль жеңсин” деп бата кылышты.

Эске салсак, кыргызстандык спортчу беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, 1-августка караган түнү кубалык Сайдель Хортаны утуп, чейрек финалга чыккан. Сейитбек уулу 4-августка караган түнү АКШлык Жамал Харви менен беттешип, кайрадан жеңишке жеткен.

9-августка караган түнү анын атаандашы болгариялык Хавьер Ибанес Диас болду. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңишти кыргызстандыкка беришти. Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарынын финалына чыккан.