Мунарбек Сейитбек уулу белекке алган унаасын белек кылган видео тарады (видео)
Социалдык тармактарда мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун белекке алган Камри үлгүсүндөгү унаасын Кара-Балта шаарындагы медресенин ректоруна тапшырып жаткан видео тарады.
"Президент берген унааны атама белек кылдым. Өзүмө жаккан унааны сизге белек кылып жатам. Чын жүрөктөн алып коюңуз",- деди мушкер.
Бирок ректор баш тартып, "андай кыла албайбыз, өзүңүзгө буюрсун" деди. Бирок мушкер болбой койгондугуна байланыштуу, ректор өзүнүн унаасын Мунарбекке белекке берди.