Royal
SerepTV Logo

Муфтий Ош шаарындагы сел кырсыгынан кайтыш болгон аялдын үй-бүлөсүн зыярат кылды

Муфтий Ош шаарындагы сел кырсыгынан кайтыш болгон аялдын үй-бүлөсүн зыярат кылды
Бүгүн, 21-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы селден улам кайтыш болгон Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндөгү Учкун айылынын тургуну Айнагүл Базарбаеванын үй-бүлөсүн зыярат кылды. Маркумга багышталып Куран окулуп, дуба кылынып, үй-бүлөсүнө жана балдарына көңүл айтылды. Муну менен катар муфтият тарабынан аталган үй-бүлөгө акчалай жардам берилди. Буга чейин Ош облустук казыяты Кара-Суу районундагы сел кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөлөргө 425 миң сом акчалай, 25 миң сомдук тамак-аш азыктарынан жардам көрсөткөн. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="246487,246488,246489"]