Royal
SerepTV Logo

Молдомуса Конгантиевдин досу: "15-январда жубайынын ашын бергенбиз"

Молдомуса Конгантиевдин досу: "15-январда жубайынын ашын бергенбиз"
Бүгүн, 14-февралда Опера жана балет театрында ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Досу Коргонбек Темирбаев сөз сүйлөп жатып, анын жубайы 8-9 жыл рак менен ооруп, каза болгонун айтты. "Баарыбыздын кабыргабыз кайышып, досубузду акыркы жолго узатып жатабыз. Мен айтайын дегеним, бирөөңөргө жолдош генерал-лейтенант, бирөөңөргө Молдомуса Ташболотович, ал эми бизге, теңтуштарга, Мусаке болчу. Баарыбыз, жөнөкөй эле Мусаке дечүбүз. 40 жылга жакын доспуз. Балдарыбыз чогуу өстү. Турмуш өйдө-ылдыйда өттү. Бир келген адам курч, көк жал жигит эле. Жубайы айыкпас дартка чылдыгып, 8-9 жыл үйүндө баспай жатып калды. Аяшыбызды карап, узатты. 15-январда жылдыгын бергенбиз", - деди ал. https://youtu.be/BPqDPoCDVpQ