Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Опера жана балет театрында өтөт
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 14-февралда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
Маалыматка караганда, эскерүү зыйнаты саат 10:00дө башталат. Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин сөөгү Бишкекте жерге берилет.
Конгантиев 12-февралда Ош шаарында каза болгон. Жакындарынын айтымында, Молдомуса Конгантиевдин жүрөгүнүн согуусу капыстан токтоп калган.