SerepTV Logo

Министрлик: "Омикрон штаммын көбүнчө 5 жашка чейинки балдар жуктуруп жатышат"

Министрлик: "Омикрон штаммын көбүнчө 5 жашка чейинки балдар жуктуруп жатышат"
"Омикрон штаммын көбүнчө 5 жашка чейинки балдар жуктуруп жатышат". Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Шербет Жусупова брифингде билдирди. Анын айтымында, аталган штамм өтө жугуштуу болгону менен айырмаланат, тагыраам бул штамм жети эсе бат жайылат. "Бирок илдетти жуктуруп алгандар ооруну салыштырмалуу жеңил өткөрөт. Азыр бир жагымсыз учур болууда. Тагыраагы 5 жашка чейинки балдар көп ооруп жатат", - деди ал. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да омикрон штаммына жаштар жана өспүрүм курактагылар чалдыгып жатканын билдирген.