Royal
SerepTV Logo

Министрлик: 7 медициналык окуу жайдын лицензиясы жокко чыгарылат

Министрлик: 7 медициналык окуу жайдын лицензиясы жокко чыгарылат
Өлкөдө 17 менчик медициналык окуу жайдын ичинен 8инде гана студенттерге практика өтүү үчүн шарттары бар. Калган 9унун клиникалык базасы жетишсиз, айрымдарында такыр эле жок экени аныкталып, 7 окуу жайдын лицензиясын жокко чыгаруу тууралуу Билим берүү министрлигине сунуш берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты. Төмөндөгү окуу жайлардын 6-формасын чакыртып алуу чечими кабыл алынды:
  • Ош эл аралык медициналык университети;
  • Кыргыз медициналык-стоматологиялык институту;
  • «Роэль Метрополитен университети»;
  • «Авиценна» эл аралык медициналык институту ;
  • «АВС» академиясы;
  • Бишкек эл аралык медициналык институту;
  • Медицина жана илим эл аралык университети.
Буга чейин форма №6ны албаган “Адам” университети, Илим жана бизнес эл аралык университети Билим берүү министрлигине кайрылды.