Royal
SerepTV Logo

Министр эми белгилүү хирург Эрнст Акрамовду "лопух" деди

Министр эми белгилүү хирург Эрнст Акрамовду "лопух" деди
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, белгилүү хирург Эрнст Акрамовдун ысымын ооруканага эмес, керек болсо, бөлүмгө ыйгарууга татыктуу эмес. "Анткени, ал "лопух", - деди министр. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-мартта Улуттук госпиталда травматология бөлүмүнүн ачылышы аземинде журналисттерге билдирди. Кечээ, 14-мартта министр Эрнст Акрамовдун илими борборун жапканын айткан. Мындан улам, айрым жарандар анын ысымын ал 1992-жылдан бери эмгектенген Чүй облустук ооруканасына ыйгарууну демилгелеп чыгышкан болчу.