Royal
SerepTV Logo

Милиция "мал жайып, көгөрүп кеткен нан жеп жүрөт" деген бала боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди

Милиция "мал жайып, көгөрүп кеткен нан жеп жүрөт" деген бала боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди
Социалдык тармактарда "атасы мал жайдырганга таштап кеткен" деген баланын видеосу тарады. Видеонун авторунун айтымында, ал 2-класстын окуучусу. “Атасы мал жайдырганы таштап койгон. Катып калган, көгөрүп кеткен нан жеп жүрөт. Дыйкандар келип, азык-түлүк таштап кетишет. Үстүндө кийими дагы жок, түнү коркуп чатырдын үстүнө чыгып жатат. Ата-энеси тарабынан толук кандуу камсыздандырылбай, кордолуп жатат”, - деген видеонун автору. Видео боюнча Талас ОИИБге кайрылганыбызда, жеринде Айтматов РИИБдин кызматкерлери иштеп жатканын, кошумча маалымат беришерин билдирди.