Милиция: "Аскердик билетин Болот Темиров колдонгон адам табылды"
Аскердик билетин журналист Болот Темиров колдонгон адам аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, ал жаран бүгүнкү күнү Орусияда. "Ал чындыгында эле аскердик кызматын Кыргызстанда өтөгөн",- деди ал.
Буга чейин Бишкек ШИИБ маалымат таратып, Коргоо министрлигинен Темировдун аскер билетин алганы жана шашылыш түрдө аскердик же альтернативдик кызматты өтөгөндүгү тууралуу маалымат жок экенин билдиришкен эле.