Abank
SerepTV Logo

"Мен да бактылуу болгум келет. Бирок оорумдун айынан жумушка да алышпайт" дейт сколиоз менен жабыркаган келин

"Мен да бактылуу болгум келет. Бирок оорумдун айынан жумушка да алышпайт" дейт сколиоз менен жабыркаган келин
SUPERTV’нын кезектеги каарманы 30 жаштагы Анара Умарбекова. Ал Бишкек шаарынын четиндеги батирде жалгыз жашайт. Cколиоз оорусу менен жабыркаган келин эртеден кечке үйдө болууга мажбур. «Эл катары көчөдө баскым келет, бирок оорумдан уялам» деген келин "эшикке чыксам, кишилер кол кезеп көрсөтүп, жаштар шылдыңдайт" дейт. Анын оорусу алгач 12 жашында байкалган, бирок акчанын жоктугунан операция жасата алган эмес. Кийин жол кырсыгына кабылып, манжасын кестирүүгө мажбур болгон. Ал 2016-жылы турмушка чыгып, 3 жыл жашап, кайын журтунан "төрөбөйт экенсиң, бизге төрөгөн келин керек, сен бүкүрсүң" деген сөздөрдү уккан келин унчукпастан үйдөн чыгып кеткен. "Жолдошум деле кийин кабар алган жок. Кел деп деле айткан эмес. Мен да бактылуу болуп жашагым келет", - деди ал. Келин эл катары жумушта иштегиси келет, бирок оорусуна байланыштуу аны эч ким жумушка албайт. "Жумушка албайт. Ишиң жок болсо деп батир да беришпейт. Жумуш издеп барсам, "жумушту кантип кыласың?" дешет. Тааныш-билиштердин балдарын карап, иштеп жүрчүмүн. Бала чоңойгон сайын мен көтөрө албай калам. Эжемди кыйнабай өзүм иштейин дейм. Паспортумду жоготуп ийгем. Документим болуп, жөлөк пул алсам, тамак-ашыма жетмек", - дейт ал. https://youtu.be/VLKPali-CGc