Royal
SerepTV Logo

Лицензиясы жок менчик стоматологиялык клиникалар жабылат

Лицензиясы жок менчик стоматологиялык клиникалар жабылат
Саламаттыкты сактоо министрлиги лицензиясы жок менчик стоматологиялык клиникаларды жабууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев "Акипресске" билдирди. Министрдин айтымында, Бишкекте 5 мамлекеттик стоматологиялык клиника ачылганы жатат. "Менчик стоматологиялык клиникалардын баарынын ишмердүүлүгүн текшерип чыгабыз. Алардын көбүнүн лицензиясы жок. Тийиштүү чечим кабыл алабыз", - деди Алымкадыр Бейшеналиев. Министр лицензиясы жок канча менчик стоматологиялык клиника бар экенин тактаган жок.