Royal
SerepTV Logo

Кыргызстанга кирүү жана өлкөдөн чыгуу эрежелери

Кыргызстанга кирүү жана өлкөдөн чыгуу эрежелери
Кыргыз жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эл аралык аба каттамдар жана унаа каражаттары менен чек араны кесип өтүүдө ПЦР-тестинин терс жыйынтыгын (акыркы 72 саатта активдүү) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндө тастыктаманы көрсөтүүгө тийиш. Бул тууралуу Ыкчам штабдан билдиришти. ?ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары документтердин санариптик версиясы үчүн “COVID-19суз саякаттайм” мобилдик тиркемесин колдоно алышат. ✈️Учактын ичинде милдеттүү түрдө беткап тагынуу жана антисептиктерди колдонуу керек, ошондой эле COVID-19дун клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр гана киргизилет. ПЦР-тестинин мөөнөтү объективдүү себептерден улам (72 саат) аяктаган учурда жүргүнчүлөр экспресс-тесттен өтүүгө милдетүү. ?12 жашка чейинки балдарга эмдөө сертификаты же терс ПЦР-тест керек эмес. ?ПЧР-тестинин терс натыйжасы (акыркы 72 саатта активдүү) же эмдөөнүн толук курсу жөнүндө тастыктама өлкөдөн чыгуу үчүн да талап кылынат.