Royal
SerepTV Logo

Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада алтын утту

Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада алтын утту
Кыргызстандын тарыхында математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада биринчи жолу алтын медалга Назар Кыргызбаев ээ болду. Команда Билим берүү министрлиги тарабынан каржыланып жөнөтүлгөнү маалымдалды. Маалыматтарга караганда, Кыргызстан 1993-жылдан бери математика боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышат. Байыл 2024-жылкы олимпиада Улуу Британияда 11-22-июль күндөрү өттү. Жалпысынан 108 мамлекеттен 609 адам катышып, Кыргызстан командалык эсепте 29-орунду алган. 2024-жылкы математика олимпиадасында Кыргызстан командасы жана алардын жетишкендиктери:
1.⁠ ⁠Назар Кыргызбаев, алтын медаль (10-класс, 61-мектеп)
2.⁠ ⁠Ян Бобрус, күмүш медаль (8-класс, Газпром)
3.⁠ ⁠Эльдар Искандеров, күмүш медаль (12-класс, Сапат)
4.⁠ ⁠Искен Кенжебаев, күмүш медаль (11-класс, Сапат)
5.⁠ ⁠Нурсултан Эшперов, Ардак грамота (10-класс, Газпром)
6.⁠ ⁠Султан Мусаходжаев, Ардак грамота (8 класс, 70-мектеп) [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="246528,246529,246530,246535,246536,246537,246534,246538"]