Royal
SerepTV Logo

Кыргызстандыктар 23-февралда эс алып, ишемби күнү иштешет

Кыргызстандыктар 23-февралда эс алып, ишемби күнү иштешет
Кыргызстанда 23-февраль иш күн эмес. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Эмгек кодексине ылайык, 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү болгондуктан, расмий иш күн эмес болуп саналат. Ошол эле учурда Министрлер кабинетинин буга чейин кабыл алынган токтомуна ылайык, кыргызстандыктар 26-февраль, ишемби күнү иштейт. Себеби, кыргызстандыктар 5-январда эс алышкан.