Abank
SerepTV Logo

Кыргызстандагы мектептерде беткап тагынуу эрежеси алынды

Кыргызстандагы мектептерде беткап тагынуу эрежеси алынды
Кыргызстандын мектептеринде беткап тагынуу мындан ары милдеттүү түрдө болуп саналбайт. Мындай чечимди бүгүн, 3-мартта COVID-19 боюнча Республикалык штаб кабыл алды. Белгиленгендей, чечим коронавирус боюнча кырдаал салыштырмалуу турукташып калгандыгына байланыштуу кабыл алынган. ❗️ Жаңы эрежелер окуучуларга, ошондой эле билим берүү мекемелеринин бардык кызматкерлерине тийиштүү. Ошону менен бирге колду тез-тезден жууп туруу жана дезинфекциялоо сыяктуу санитардык ченемдер сакталып калат.