Өлкөдө күйүүчү май бир айда 2 сом 26 тыйынга кымбаттады
Жыл башынан бери Кыргызстанда дизель майы 2 сом 26 тыйынга кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Эгерде 1-январда өлкөдө дизель майы 57,9 сом болсо, 1-февралда 60,16 сом болду. АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 1,33 сомго - 59,21 сомдон 60,54 сомго кымбаттады. АИ-95тин баасы 0,53 сомго - 64,73 сомдон 65,26 сомго кымбаттады. Буга чейин Улуттук банк күйүүчү майдын кымбатташы 2022-жылдагы инфляцияга кошумча болуп жатканын билдирген.