Royal
SerepTV Logo

Кыргызстанда балдардын укугун коргоонун бир айлыгы жарыяланды

Кыргызстанда балдардын укугун коргоонун бир айлыгы жарыяланды

Кыргызстанда балдардын укугун коргоонун бир айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун жетекчиси Аскат Азарбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул пландаштырылган иш-чара. из аны 15-февралдан тарта баштайлы дегенбиз, бирок Сокулуктагы окуя азыр баштоого түрткү болду», - деди ал. 

3-февралда Сокулуктагы ооруканага 2020-жылы туулган бала дене жаракаттары менен түшкөнү маалым болгон. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун айтымында, бала реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, наристени сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалган. Ал соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылган. Ал эми бүгүн, 7-февралда бала буга чейин да кулагы сынган абалда ооруканага жеткирилгени маалым болду.