Royal
SerepTV Logo

Өлкөдө өткөн аптада 16 адам коронавирустан көз жумду

Өлкөдө өткөн аптада 16 адам коронавирустан көз жумду
Кыргызстанда бир жумада, тактап айтканда, 15-февралдан 21-февралга чейин, коронавирустан 16 адам көз жумду. Алардын бардыгы эмдөөдөн өтүшкөн эмес. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти. ?COVID-19 лабораториялык негизде 12синен, клиникалык-эпидемиологиялык түрдө – 4 адамдан аныкталган. ◾️Адам өлүмүнө алып келген учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкекте катталган. Ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарында коронавирустан каза болгондор катталды. Анын ичинде: ⚡️Бишкек – 12; ⚡️Чүй облусу – 2; ⚡️Ысык-Көл облусу – 2. Андан мурдагы аптада, 8-14-февраль аралыгында, COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген 25 учур катталган.