Royal
SerepTV Logo

Кыргызстанда 12 окуу жай мындан ары дарыгерлерди даярдай албайт. Тизме

Кыргызстанда 12 окуу жай мындан ары дарыгерлерди даярдай албайт. Тизме

Саламаттыкты сактоо министрлиги 12 менчик медициналык окуу жайлардын №6 формасын белгиленген стандарттарга жооп бербегендиктен чакыртып алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

№6 форманы берүү (клиникалык базанын жана медициналык жабдуулардын болушу) саламаттыкты сактоо боюнча ыйгарым укуктуу орган, башкача айтканда, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Министрликтин эксперттик комиссиясы материалдык-техникалык, клиникалык базалардын жана медициналык жабдуулардын саламаттыкты сактоо тармагындагы медициналык жана фармацевтикалык билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензиялык талаптарга ылайык келүү деңгээлине баа берет.

2021-жылы эксперттик комиссия текшерүү жүргүзүп, клиникалык жайларды колдонууда белгиленген стандарттарга ылайык келбеген учурлар аныкталган. Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы боюнча №6 форма 12 менчик медициналык окуу жайдан алып салынат, анткени клиникалык жайларды пайдалануу белгиленген стандарттарга жооп бербейт. Калган 5 менчик медициналык билим берүү уюмдарында 15-мартка чейин министрликтин комиссиясы текшерет. 

№6 форма кайтарып алынчу окуу жайлар: 1. «Адам» университети (Бишкек каржы-экономикалык академиясы); 2. Кыргызстан эл аралык университети; 3. Эл аралык «Авиценна» медициналык институту; 4. Эл аралык медицина институту; 5. «Роэль Метрополитен университети»; 6. «АВС» Академия ЖЧКсы; 7. Эл аралык медицина жана илим университети; 8. Эл аралык илим жана бизнес университети; 9. «Эл аралык Бишкек медициналык институту»; 10. Илимий изилдөө медициналык-социалдык институту; 11. Кыргыз медициналык-стоматологиялык институту; 12. Ош эл аралык медицина университети. Текшерилүүчү окуу жайлар: 1. Эл аралык «Ала-Тоо» университети; 2. Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту; 3. «Салымбеков университети»; 5. Эл аралык медицина жогорку мектеби; 5. Эл аралык медицина университети.