Abank
SerepTV Logo

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагаларынын кезектеги жолугушуусу болуп өттү

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагаларынын кезектеги жолугушуусу болуп өттү
Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча кезектеги жолугушуу болуп өттү. Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын башчылары калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулашып, жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди улантуу тууралуу Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна конкреттүү тапшырмалар берилди. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.