Royal
SerepTV Logo

Чек арадагы атышууда жаракат алган Тажик аскери көз жумганы маалымдалды

Чек арадагы атышууда жаракат алган Тажик аскери көз жумганы маалымдалды
Кечээ, 12-апрелдин түнүндө кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жаракат алган Тажик чек арачысы көз жумду. Бул тууралуу "Озоди" жазды. Маалыматка караганда, 27 жаштагы Зоир Саидумаровдун сөөгү бүгүн Дусти районунда жерге берилди. Ал армияга 2020-жылы барган жана анын кызмат өтөө мөөнөтүнүн бүтүшү жакындап калган. Буга чейин анын төшүнөн жана курсак бөлүгүнөн жаракат алганы айтылган.