Кыргыз-тажик чек арасы: Топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу өттү
Жетишилген макулдашууларга ылайык, 10-15-февраль күндөрү Баткен шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Тараптар калган тилкелердеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынын өтүү маселеси тууралуу пикир алышып, талкууну Тажикстандын аймагында өтүүчү келерки жолугушууда улантууну макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн.