Кыргыз футбол союзунун мурдагы президенти Канатбек Маматов 50 жашка толду
Бүгүн, 15-августта Кыргыз футбол союзунун мурдагы президенти Канатбек Маматов 50 жашка толду.
Канатбек Маматов 1974-жылы Ош облусунда туулган. 2001-жылы Индияда Махатма Ганди атындагы илим жана искусство колледжинде "коомдук башкаруу" багыты боюнча магистратурада окуган. 2012-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "экономика" адистиги боюнча магистратураны бүткөн.
Эмгек жолу:
"Алай" (Ош), "HAL Бангалор" (Индия), "ITI Бангалор" (Индия) футбол командаларында жана "Топ-Юнайтед", "Абдыш-Ата" ардагерлер командасында ойногон.
— 1998-жылы — Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия кафедрасынын башчысы;
— 1999-жылы — аскер кызматын өтөгөн;
— 2003–2005-жылдары — ACDI/VOCA жана USAID бирикмелеринде мобилизациялоо боюнча эксперт;
— 2005–2006-жылдары — S2 Research and Engineering казак-британ компаниясынын директору;
— 2006-жылы — Азия өнүктүрүү банкынын "Айыл-кыштактагы калкты колдоо" долбоорунун аймактык директору;
— 2007-жылы — "Жумуш менен кымсыздоо саясатын иштеп чыгууга жардам көрсөтүү" долбоорунун жетекчисинин орун басары;
— 2007–2009-жылдары — Жогорку Кеңештин фракция лидеринин жардамчысы;
— 2009-жылдан тарта ишкерлик менен алектенген;
— 2014-жылы - Футзал федерациясынын президенти;
— 2016-2019-жылдары — Футбол федерациясынын вице-президенти.
- 2019-2021-жылдары - Футбол союзунун президенти.
- 2023-жылы депутаттык мандат ала турганда Канатбек Маматов талапкерлердин тизмесинен чыккан.