"Кыргыз элиме күйгөн депутат келсин". Талапкер Ырыс Жоомартова добуш берди
Бүгүн, 27-февралда Свердлов шайлоо округунан Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер Ырыс Жоомартова жарандык милдетин аткарып, өз добушун берди.
"Бир дагы адамдан «мени шайла» деп суранган жокмун, башкысы кыргыз элиме күйгөн депутат келсин",- деди ал.