Royal
SerepTV Logo

Кыргыз эл артисти Марат Алышпаев 74 жашында каза болду

Кыргыз эл артисти Марат Алышпаев 74 жашында каза болду
Кыргыз эл артисти актёр Марат Алышпаев каза болду. Бул тууралуу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан билдиришти. Актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 4-апрелде саат 12:00дө Кыргыз драма театрында өтөт. Андан соң маркумду туулуп-өскөн айылына алып кетишет. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.