Кыргыз эл акыны Омор Султанов акыркы сапарга узатылды
Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз эл акыны, жазуучу, сценарист, коомдук ишмер, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Омор Султанов акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="104018,104019,104020"]
Коштошуу зыйнатына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук-маданий ишмерлер, туугандары жана кесиптештери катышты. Анда Омор Султановдун өмүрү чыгармачылыгы, мекенчилдиги, ишмердүүлүгү тууралуу бир катар жылуу пикирлер айтылып, жасап кеткен эмгектери сыймыктануу менен эскерилди. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди.
Омор Султанов 3-апрелде 86 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.