Royal
SerepTV Logo

"Күйөөм тартып алган балдарымды көргөнү барсам, кайненем ит куугандай кууп чыкты. Мен аларды эркелетейин дегем" дейт келин

"Күйөөм тартып алган балдарымды көргөнү барсам, кайненем ит куугандай кууп чыкты. Мен аларды эркелетейин дегем" дейт келин
SUPERTV’нын бул жолку каарманы Бактыгүл Аскар кызы. Ал учурда кош бойлуу. Мына-мына көз жарам деп ай-күнү жетип турат. Бирок анын барар жери жоктугунан шаардагы сейил бактардын биринде айла таппай отураганын айтты. Ал биздин редакцияга мындан 3 жыл мурда да кайрылып, күйөөсү «түрүң суук» деп кемсинтип, балдары менен чогуу үйүнөн кубалап салганын айткан эле. Ал арада келин күйөөсү менен жарашкан. Бирок жолдошу келиндин боюна бүтүрүп, эки баласын алып, аны таштап кеткен. "Балдарымсыз жашоом болбойт да. Аябай кыйналдым. Ушундай эч кимим жок жаралып калыптырмын. Тайкемдер үйүнө жолотушпайт. Кыйналсам да балдарымды чоңойтоюн дегем. Күйөөм жакында үйлөнөт окшойт. Кайненем келбе, балдар ээрчийт сени деди. Балдарымды жакшынакай багып жаткан жеринен курбум милиция чакырып, күйөөмө алып берди", - деди ал. Ал балдарын көрүүгө аракет кылган. "Балам 7 жаш, кызым 4 жашта. Күндөн-күнгө сагынып жатам. Балдарымды көрүүгө айылга барсам, кайненем итти кубалагандай кубалады. Азык-түлүк, кийим-кече жеткирейин дегем. Балдарымды да жакшы көрө албай, эми эркелетейин дегенде кууп чыгышты", - деди ал. https://youtu.be/Ncq7wkJSzUs