Royal
SerepTV Logo

"Күйөөм Орусияга кеткенде, кайын журтум колумду байлап барып, жиндиканага жаткырышты" дейт келин

"Күйөөм Орусияга кеткенде, кайын журтум колумду байлап барып, жиндиканага жаткырышты" дейт келин
SUPERTV’нын бул жолку каарманы Бактыгүл Аскар кызы. Ал учурда кош бойлуу. Мына-мына көз жарам деп ай-күнү жетип турат. Бирок анын барар жери жоктугунан шаардагы сейил бактардын биринде айла таппай отураганын айтты. Ал биздин редакцияга мындан 3 жыл мурда да кайрылып, күйөөсү «түрүң суук» деп кемсинтип, балдары менен чогуу үйүнөн кубалап салганын айткан эле. Ал арада келин күйөөсү менен жарашкан. Бирок жолдошу келиндин боюна бүтүрүп, эки баласын алып, аны таштап кеткен. Келин жолдошу менен жашап жүргөндө зордук-зомбулакка туш болгонун, жолдошу Орусияга иштегени кеткенде аны кайын журту психикалык жактан жабыр тарткандар дарыланган ооруканага жеткирип салганын айтат. "Кайнагам, абысыным, кайнежем, кайнежемдин күйөөсү колумду пресстелген жип менен байлап, тайкеңе алып барабыз дешти. Бирок такыр башка жакка кетип бараттык. Ооруканага окшогон бир жакка алып барышты. Көрсө, ал жак жиндикана экен. Ал жакта уколдорду текшербей эле сайып жатты. Аябай ыйлап, кете албай. Ал жактан да колдорумду байлашып... Мен оорубайм", - деди келин. https://youtu.be/Ncq7wkJSzUs