Кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев 44 жашында көз жумду
Кикбоксинг боюнча Евразия чемпиону Канатбек Сыдыгалиев каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын кикбоксинг федерациясынан билдиришти.
Ал 44 жашта болчу. Канатбек Сыдыгалиев - 1999 жана 2000-жылдары кикбоксинг боюнча Евразия чемпиону, 2000-жылы Европа чемпиондугунун коло байге ээси, 1999 жана 2001-жылы Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, 2003-жылы Дүйнө чемпиондугунун коло байге ээси, 2003-жылы профессионалдар арасында чемпион, 2004-жылы профессионалдар арасында континенттер аралык чемпион болгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram