"Кичинесинде бардык жомокторду окуп чыкты. Китепке абдан кызыкчу" дейт Нуржигит Кадырбековдун апасы
SUPERTV’нын “Бейишим ата-энем” долбоорунун кезектеги каармандары Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков менен апасы Суусаркан Шекеева болду.
Шакееванын айтымында, уулу кичине кезинен китепке жакын болуп, 4-классында "Манас" эпосун окуган. "Уулум кичине кезинде эле күтүлбөгөн жерден сонун сөздөрдү сүйлөп койчу. 6-7 жашында китептерди окуганын байкап калдым. Китепке абдан кызыкчу. Мектепти да жакшы окуду. Китеп эле издейбиз. Жомокту бүткөн соң, "Манасты" окуп жатыптыр. Анда уулум 4-класста окучу",- дейт эл өкүлүнүн апасы.
https://youtu.be/lAX5IFbVGK0