Royal
SerepTV Logo

Кечээ "Дордой Моторс", бүгүн "Ош базарынын" соодагерлери нааразылык акцияга чыгышты

Кечээ "Дордой Моторс", бүгүн "Ош базарынын" соодагерлери нааразылык акцияга чыгышты
Бүгүн, 11-июнда Бишкектеги “Ош базарынын” соодагерлери электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршылыгын билдирип, нааразылык акцияга чыгышты. Соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылышууда. Алар көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы эмес экенин айтышып, убактылуу иш ташташканын да билдиришти. Кечээ, 10-июнда Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери да ушундай эле талаптар менен акцияга чыгышкан.