Royal
SerepTV Logo

Казакстанда тынчтык орнотуучу операцияга катышкан кыргыз аскерлери сыйланышты

Казакстанда тынчтык орнотуучу операцияга катышкан кыргыз аскерлери сыйланышты
Казакстанда тынчтык орнотуучу операцияга катышкан кыргыз аскерлери президент тарабынан сыйланышты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты. Коргоо министрлигинин 52806-аскер бөлүгүндө ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн курамында Казакстандагы кырдаалды турукташтыруу боюнча милдеттерди ийгиликтүү аткарган аскер кызматкерлерин сыйлоо иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарада тынчтыкты сактоочу контингенттин өздүк курамы мамлекет башчысынын баалуу белектери менен сыйланышты. Иш-чара аскер кызматкерлеринин өздүк курамынын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.