Казак акыны Кыргызстандын Олимпиадага катышып жаткан спортчуларына ыр арнады (видео)
Бек Шымат аттуу Казакстандын акыны Кыргызстандын Олимпиадага катышып жаткан спортчуларына ыр арнады.
Ал азил-чыны аралаш "алтын алган спортчуга эмне кылып бересиздер, биз асфальт төшөп бердик" деп төктү.
Буга чейин Олимпиада чемпиону болгон казак спортчусунун үйүнүн алдын асфальттап беришкен.