Катуу жааган жамгырдан улам аймактарда сел жүрүшү мүмкүн
Катуу жааган жамгырдан улам аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"27-апрелде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын аймагында жайгашкан тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик кырсык катталган учурда 112 номуруна чалуу керектигин эскертти. Чалуу акысыз.