Royal
SerepTV Logo

Кара-Көлдүн 22 жаштагы тургуну дагы эле табыла элек. Милиция коомчулуктан жардам сурайт

Кара-Көлдүн 22 жаштагы тургуну дагы эле табыла элек. Милиция коомчулуктан жардам сурайт
2002-жылы туулган Салымбаев Ырыскелди Медербекович 18-май күнү Кара-Көл шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Учурда Салымбаев Ырыскелди Медербековичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 сантиметр, кашы, көзү, чачы кара, кара тору, арык дене түзүлүштө. Кийимдери: Кара түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым, кара түстөгү спорттук бут кийим болгон. Сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, (03746) 5-12-00, 0708 39 01 39 номурларына чалсаңар болот.