Abank
SerepTV Logo

Кара-Балтада 82 жаштагы карыянын жансыз денеси өз үйүндө табылды

Кара-Балтада 82 жаштагы карыянын жансыз денеси өз үйүндө табылды

Чүйдөгү батирден 82 жаштагы карыянын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Куткаруучулар Кара-Балта шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 82 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылган.