Калмаматовду колдоп жаткан экс-депутат Тербишалиев УКМКга сүйлөшүүгө чакырылды
"УКМК иштебей жатат деп жатасыңар. Иштеп жатат! Саясий туткун - Бактыбек Калмаматовду колдоп, сотко катышып, пост жазганыма эки-үч күн боло элек, сүйлөшүүгө чакырышты". Бул тууралуу экс-депутат Данияр Тербишалиев соцтармактагы баракчасына жазды.
Экс-депутат буга чейин Бактыбек Калмаматовдун кармалышын саясий куугунтук деп жазган.
Кечээ, 17-январда президент Садыр Жапаров басылмалардын бирине маек берип, анда Бактыбек Калмаматовдун кармалышына байланыштуу суроого да жооп берген. "Бир пайыз добуш албаган балага башымды оорутуп эмне кылам" деген өлкө башчысы.
22-декабрга караган түнү Бактыбек Калмаматов «Манас» аэропортунда Сауд Арабияга бара жаткан каттамдан калтырылып, УКМКга жеткирилген. Ал аймактар аралык кастыкты козутууга шектелүүдө.