Abank
SerepTV Logo

"Кайын журтум "бизге төрөгөн келин керек, сен бүкүрсүң" деп мени кемсинтишчү" дейт сколиоз менен жабыркаган келин

"Кайын журтум "бизге төрөгөн келин керек, сен бүкүрсүң" деп мени кемсинтишчү" дейт сколиоз менен жабыркаган келин
SUPERTV'нын кезектеги каарманы 30 жаштагы Анара Умарбекова. Ал Бишкек шаарынын четиндеги батирде жалгыз жашайт. Cколиоз оорусу менен жабыркаган келин эртеден кечке үйдө болууга мажбур. "Эл катары көчөдө баскым келет, бирок оорумдан уялам" деген келин "эшикке чыксам, кишилер кол кезеп көрсөтүп, жаштар шылдыңдайт" дейт. Анын оорусу алгач 12 жашында байкалган, бирок акчанын жоктугунан операция жасата алган эмес. "Сөөгүм жаш кезде ооруканага баргам. Операциянын жарым акчасы эле бар болчу. Дарыгер жарым акчасына жасай албарын айтты. Кийин акча таап барсам, сөөктөрүм катып калганын, жүрөгүм операцияны көтөрө албастыгын айтышты. Күн бүркөлгөндө денем ооруйт. Күндөн-күнгө кыйшайып баратам. Кийин жол кырсыгына кабылдым. Айылга бара жатканымда Төө-Ашууда жол кырсыгы болуп, айнек тилип, дарыгерлер манжамды кесип салган", - дейт ал. Каарман 2016-жылы турмушка чыккан. 3 жыл төрөй албай, кемсинтүүгө туш болгон келин үйдөн кетип калган. "Жашап жүрдүм. 3 жылдан кийин кайын журтум төрөбөйсүң, бизге төрөгөн келин керек деп менден уялышып, кемсинтишчү. Мен өзүм эле кетип калгам", - деди ал. https://youtu.be/VLKPali-CGc