Кайра шайлоо. Беш пайыздык босого чектен өткөн талапкерлер күрөөсүн кайтарып алышат
Бишкектин бир мандаттуу Биринчи Май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча кайра шайлоодо беш пайыздык босого чектен өткөн талапкерлерге күрөө кайтарып берилет. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Алдын ала жыйынтыкка ылайык, Биринчи Май шайлоо округу боюнча Эльвира Сурабалдиевадан тышкары Нурбек Тотонов жана Нурбек Токтакунов 5 пайыздан ашык добуш алды. Свердлов округунда күрөөсүн кайтарып алчу алты талапкер бар, анын ичинде Абдурахманхаджи Муртазалиев көпчүлүк добушка ээ болгон. Күрөө 100 миң сомдон турат. Ал эми 5 пайызга жетпегендердин акчасы бюджетке которулат.