Abank
SerepTV Logo

ЖРТнын жыйынтыгы: Ысык-Көл «Алтын сертификатка» илинбей калды

ЖРТнын жыйынтыгы: Ысык-Көл «Алтын сертификатка» илинбей калды
2024-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча “Алтын сертификат” алуу укугуна Бишкек шаарынан – 34, Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Талас облусунан – 2 жана Баткен облусунан – 1 окуучу ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты. Көрүнүп тургандай, Бишкек баарынан алдыда болсо, Баткен эң акыркы орунда. Ал эми Ысык-Көл облусунда бир да бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» ээ болгон эмес. 2022-жылы Талас облусу «Алтын сертификатка» илинбей калса, 2023-жылы бардык облустан «Алтын сертификатка» ээ болушкан. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="244482,244484,244485,244483,244481"]