Abank
SerepTV Logo

Жол тескөөчүлөр "дем жетпей, кыйналып жатам" деген адамды ооруканага жеткиришти (видео)

Жол тескөөчүлөр "дем жетпей, кыйналып жатам" деген адамды ооруканага жеткиришти (видео)
Жайыл РИИБдин жол тескөөчүлөрү айдоочунун өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. "9-август күнү болжол менен саат 11:30 чамаларында Кара-Балта шарынын Памир-Тольятти көчөсүндө кызматкерлер кызмат өтөп жаткан учурда 1973-жылы туулган айдоочу жардам сурап кайрылган. Ал дем ала албай кыйналып жатканын билдирген. Кызматкерлер ыкчам аракеттерди көрүү менен Кара-Балта шаарынын аймактык ооруканага коштоп жеткиришип, алгачкы жардам көрсөтүшкөн",- деп айтылат маалыматта.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Уобдд Чуй (@uobdd.chuy)