Royal
SerepTV Logo

Жаңы окуу жылындагы каникулдардын графиги бекитилди

Жаңы окуу жылындагы каникулдардын графиги бекитилди
Билим берүү жана илим министрлигинин “2024-2025-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” буйругу бекиди. Буйрукка ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрүндө жана менчиктик формасында 2024-2025-окуу жылы 2024-жылдын 2-сентябрында башталып, 2025-жылдын 26-майында аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Каникул убакытын эсепке албаганда окуу жылынын узактыгы: 1-класста - 33 жуманы, 2-8, 10-класстарда - 34 жуманы жана 9, 11-класстарда мамлекеттик сынактарды тапшыруу убактысы менен 36 жуманы түзөт. 2024-2025-окуу жылындагы мектептик каникулдардын графиги: - күзгү – 7 календардык күн: 2024-жылдын 4-10-ноябры. Сабактар 2024-жылдын 11-ноябрынан башталат; - кышкы - 14 календардык күн: 2024-жылдын 30-декабрынан 2025-жылдын 12-январына чейин. 2025-жылдын 13-январынан башталат; - жазгы - 7 календардык күн: 2025-жылдын 17-23-марты, сабактар 2025-жылдын 24-мартынан башталат. 480 сааттык “Наристе” мектепке чейинки даярдоо программасын окуган алты жаштагы балдар үчүн III чейректе каникул күндөрү кошумча эки жумага узартылат, ал эми 1-класстардын окуучулары үчүн III чейректе каникул күндөрү кошумча бир жумага узартылат.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ (@bilimilimkg)