Royal
SerepTV Logo

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери "Ыр кесе" өткөрүп, кезекти Талас ОИИБге берди

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери "Ыр кесе" өткөрүп, кезекти Талас ОИИБге берди
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата "Ыр кесе" өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө ыр-бийлер аткарылып, ата-бабаларыбыздын келе жаткаткан салтты улап “Манас” айтуу, көркөм окуу менен коштолуп, ыр кесенин жүрүшүндө атайын боз үй тигилип, тогуз коргоол, топ-таш жана башка улуттук оюндар тартууланды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн “Ыр кесе” Талас облустук ички иштер башкармалыгына атайын "Ыр кесе сизге сунулду" аттуу ыр менен коштолуп өткөрүлүп берилди.