Жалал-Абадда кар көчкүдөн улам бир катар унаа жолдору убактылуу жабылды
Бүгүн, 12-мартта Жалал-Абадда бир катар унаа жолдору убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Чаткал районундагы Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка жана Красная Горка - Ак-Таш унаа жолдорунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болгондугуна байланыштуу өзгөчө кырдаалды алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 12-марттан 13-мартка чейин аталган унаа жолдор убактылуу жабылды. Токтогул районундагы «Арал» постунда, Чүй облусунун «Сосновка» постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу киргизилген чектөө бүгүн саат 11:40та алынды.
Алыскы жолго чыгуу алдында аба ырайы тууралуу маалымат алып, унааңызда күрѳк, дѳңгѳлѳк чынжыры жана башка каражаттардын болушун кѳзѳмѳлгѳ алыңыз;
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактаңыз;
Кырсык катталган учурда же жолдун ачылышы тууралуу кандайдыр бир маалымат алгыңыз келсе, күнү-түнү акысыз иштеген 112 номерине байланышып, Тез жардам же керектүү кеңеш алсаңыз болот.
Айдоочулардын эсине: