Жалал-Абадда жаран жырткыч канаттууну капаста багып жаткан (сүрөт)
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору мыйзамсыз кармалган жырткыч канаттууларды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды уюштурду. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти.
"Жалал-Абад облусунуну Сузак районуна караштуу Саты айылында 2 жаман сары кушун кармап, капаста багып жаткан жаран аныкталып, жыйынтыгында мыйзам бузуучуга Кыргыз Республикасынын укук бузуу кодексинин тийиштүү беренесине ылайык 10 миң сом айып пул салынды. Ал эми 2 жаман сары куштары эркиндикке коё берилди",- дешти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="247702,247703"]